14:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Текебаевдин жактоочуларынан алган акчаны Атамбаев апрелчилерге коротот

«Ата-Мекен» партиясынын жактоочусу Таалайкүл Токтакуновадан өндүрүлгөн акча «Апрель» фондуна которулат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Таалайкүл Токтакунованын айлыгынан чегерилген 100 миң сом экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эсебинен түшө элек.

«Эгер түшсө, ал каражат «Апрель» фондуна которулат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин президенттик кезинде анын аброюн коргоп, «Ата-Мекен» партиясынын жактоочуларын жана Zanoza сайтын сотко берген. Сот жактоочулар Таалайгуль Токтакунова жана Канатбек Азиз 10млн сом төлөп берүүсү керектигин чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкүн камакка алынган. Таалайгуль Токтакунованын айлык маянасынын эсебинен алгачкы 100 миң сом Алмазбек Атамбаевдин пайдасына алынган.

Жактоочулар Дача-СУ айылындагы Боинг-747 учагындагы жүк Алмазбек Атамбаевге тийиштүү деп билдирип, ага далил катары Түркиянын атайын кызматы президенти Реджеп Тайып Эрдоганга жолдогон катын көрсөтүшкөн. Каттын жалган экендиги дароо эле ачыктылып, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси дагы аны төгүндөгөн.

Маалыматка караганда, катты партиянын бир депутаты таап чыккан. Соттук териштирүү башталганда ал жактоочуларга эч кандай колдоо көрсөткөн эмес .

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума