19:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин калган эки фракциясы Өмүрбек Текебаевге ырайым сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин калган эки фракциясы Өмүрбек Текебаевге ырайым сунушун колдоду. КСДП жана «Республика -Ата-Журт» фракциялары Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековго «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым көрсөтүү кайрылуусуна кошулушту.

Буга чейин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков, «Бир-Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов кайрылууга кол коюшкан.

Эскерте кетсек, бүгүн Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековго Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу сунушу менен кайрылды.

Эң көп окулган жаңылыктар