19-жаштагы Кыргызстан жараны кызын бөтөн бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен чек арадан алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
«Чалдыбар» өткөрүү пунктунун чек арачылары 17- майда 1999-жылы туулган М.А. уулу аттуу жаранды кармашкан. Ал ишеним кат менен 2004-жылы туулган М.К. аттуу кызын чек арадан бөтөн документти колдонуп алып өтүүгө аракет кылган.
Жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.