06:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп: Мавлидди белгилөө шариятта көрсөтүлгөн эмес

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мавлид бул динге жаңы кирген (бида) каада болуп саналабы?

Жооп: Пайгамбардын туулган күнү анын тарапташтары жана замандаштары тарабынан белгиленген эмес. Ал шариятта дагы көрсөтүлбөйт.

Бирок, азыр Мавлидди жаңылык деп айтууга болбойт. Анткен менен ал уруксат берилген (мубахат) иштердин катарына кирет. Ошол эле учурда Мавлид сунна болуп эсептелбестиги жана суннанын чегинен чыкпастыгы айтылат.

Майрамдык салтанаттын максаты — Пайгамбардын жашоосун эскертүү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар