16:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

БУУ 2050-жылы Борбор Азиянын калкы 94 миллиондон аша турганын божомолдоодо

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти Борбор Азия калкынын саны көбөйүп, 2050-жылы 94,2 миллионго жетет деп божомолдоодо.

Уюмдун маалыматына караганда, ал убакта Өзбекстанда 40,8 миллион, Казакстанда 23, Тажикстанда 14,5, Кыргызстанда 8,1 жана Түркмөнстанда 7,8 миллион киши жашайт.

2050-жылга карата Орусиянын калкынын саны 133 миллионго чейин азаят деп болжолдонууда. Эгер бул көрсөткүчтү 2015-жылга салыштырсак, анда Орусия калкынын саны дээрлик 20 пайызга азаят.

Эң көп окулган жаңылыктар