Ысык-Көлдүн жээгинде ВИЧ менен ооруган балдар үчүн лагерь уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.
Лагерге Кыргызстандан тышкары. Тажикстан, Өзбекстан, Түркменстан жана Казакстандан балдар келишет.
«Лагерде ВИЧ менен ооруган балдар менен иштеген педиатор, психолог жана социологдор атайын окуудан өтүшөт. Германия, АКШ, Россия жана Украинадан 15 тренерлер келет» — дейт министрлик.
«СПИД» борборунун маалыматында, 2018-жылдын 1-майына карата 7 миң 666 жаран ВИЧ менен катталган. Анын 600ү балдар.