01:34
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

УКМК оппозициячыл топтун мүчөсү делген Казакстан жаранын кармады

Бишкекте УКМКнын кызматкерлери оппозициячыл топтун мүчөсү делген Казакстан жараны Мурат Тунгишбаевди кармады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине журналист Болот Сатаркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, 10- майда, болжол менен саат 18.00 чамасында, УКМнын онго жакын кызматкери Мурат Тунгишбаевдин батирин тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен.

«Мурат Тунгишбаев менин таанышым. Ал Казакстан жараны. Кечээ, ал мага чалып, белгисиз адамдар үйүн тинтүүгө алганын айтты. Ал адамдар УКМКнын кызматкерлери экен. Колдоруна Аламүдүн райондук сотунун буйругун көтөрүп алган. Атайын кызмат Тунгишбаев «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын мүчөсү экенин айтууда. Бирок анын Бишкекте жашаганына эки жылдан өттү. Учурда адвокат болуп иштейт«,- деди Болот Сатаркулов.

УКМК маселе тууралуу маалымат берген жок.

«Казакстандын демократиялык тандоосу»- бул коомдук саясий кыймыл. 2017-жылы Казакстандын саясий ишмери Мухтар Аблязов тарабынан түзүлгөн. Мухтар Аблязов 2005-жылы ишмердүүлүк кылууга тыюу салынган ушундай эле аталыштагы элдик партиянын негиздөөчүсү. Партиянын башкы максаты- Казакстанда демократияны кайра куруу үчүн коомдогу күчтөрдү бириктирүү.

Эң көп окулган жаңылыктар