«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Жаңы төрөлгөн баланын кулагына азан кантип айтылат?
Жооп: Мусулман баласына оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтуу сүннөт. Азанды канчалык эрте айтса ошончо жакшы. Албетте азанды имам, же молдого келип айтырган туура. Бирок, ымыркайдын кулагына кыйкыруу шарт эмес. Жай, орточо үн менен айтыш керек.
Азан менен бирге ысым коюп, наристеге дуба берген жакшы амалдардан.