17:02
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Премьер «Макмалалтын» кенинин ишин узартуунун маанилүүлүгүн белгиледи

«Тоо-кен өндүрүү тармагы, тактап айтканда, алтын өндүрүү атамекендик экономиканын стратегиялык сектору катары саналат». Мындай пикирин бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алуу учурунда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, андагы өтүп жаткан бардык процесстердин максималдуу түрдө ачыктыгын камсыздоо зарыл, анткени, өлкө жарандарында көп учурда ар-кандай суроолор жаралууда.

Премьер-министр тигил, же бул пайдалуу кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Аталган процесстин ачыктыгын камсыздоо өлкөнүн инвестициялык беделин чыңдоого өбөлгө түзөт», — деди ал.

«Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink. дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтын» ишканасынын жалпы кирешеси 99,5 миллион сомду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 миллион сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жылы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 миллион сомду түздү.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Алимбеков инвестицияларды тартууга муктаж Макмал алтын кенинин абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ал маалымдагандай, кендеги негизги көйгөй катары андагы кордун түгөнүүсүнө байланыштуу кендин автоматтык түрдө жабылуусу саналат. Учурда «Макмалалтын» кени — бул биринчи кезекте Тогуз-Торо районунун бюджетин 95% камсыздаган жана 1000 ашуун жумушчу ордун түзгөн социалдык объект болуп саналат.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Макмалалтын» кенинин социалдык багытын эске алуу менен анын ишин узартуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана «Кыргызалтын» жетекчилигине ыкчам тартипте «Макмалалтын» кенинин мындан аркы иши тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды.