13:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Премьер-министр 20 күнгө командировкага барган өкмөттүн өкүлдөрүнө нааразы

«Өкмөттүн айрым өкүлдөрү 20 күнгө командировкага барды деген маалыматтар бизде бар. Бул эмне деген командировка? Силер эмне студентсиңерби? Окууга барып жатасыңарбы?», -деди өкмөттүн отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, учурда коомчулукту министрлер менен алардын орун басарларынын командировкалары тууралуу маселе кызыктырууда. Чакыруу берген тараптын эсебинен 400 эл аралык сапарлар уюштурулганы тууралуу маалымат бар. Мындан тышкары бюджеттин эсебинен дагы командировкалар болгон.

«ТИМ же экономика министрлиги барса түшүнөм, алардын иш сапарлары көп. Бирок, алар Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн барышат. Калгандарычы? Дайыма эки жакка чыккандар дагы бар, ал тургай бизге кетип жатканын дагы айтпайт. Мындай болбошу керек», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума