01:13
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Премьер: Энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат

Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-апрелде, 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктары боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов маалымдагандай, 2018-жылдын 25-январында Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган штаттан тышкаркы абалды эсепке албаганда, жалпысынан 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө байланыштуу абал стабилдүү болду.

Анын айтымында, 2017-жыл үчүн «Электр станциялары» ААК 15 151,4 млн кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан, бул 2016-жылкы көрсөткүчтөн 18% га көп болуп саналат. 2017-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2 192,0 миң Гкал түзүп, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 11% га жогору эсептелет.

Премьер-министр маалыматты уккан соң, Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган авария энергетикалык тармактагы тутумдук көйгөйлөрдү ачыктагандыгын белгиледи.

«Энергетикалык тармактын жетекчилери ишти ийне-жибине чейин билип, татаал кырдаалда жоопкерчиликти башка жакка шылтабай, өзүнө алууга үйрөнүүсү керек. Энергетикалык тармакка күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча коюлган милдеттенмелерди алып кете турган чынчыл, кесипкөй адистер келиши керек. Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык компаниялардын ишинин финансылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди. Өлкө президенти өкмөттүн алдына конкреттүү милдетти — бардык коррупционерлерди аныктоо жана тармакты алардан тазалоону койду. Эл байлыгы катары саналган энергетикалык тармакты уурдоо эсебинен байып көнгөн айрым топтордун каршылыгына карабастан, аталган милдет аткарылат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар