05:52
USD 69.46
EUR 79.16
RUB 1.04

«Кумтөр» долбооруна байланыштуу кабыл алынган чечимдер ачык-айкын болушу керек

«Кумтөр» долбооруна байланыштуу кабыл алынган чечимдер ачык-айкын болушу керектигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын активдеринин негизин түзгөн «Кумтөр» долбооруна жараша, ал дүйнө жүзүндөгү ири кен өндүрүүчү компаниялардын катарына кирерин белгиледи.

«Өкмөт өлкө экономикасындагы «Кумтөр» долбоорунун маанилүү ролун түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп тураарын, буга байланыштуу тараптардын бардык сүйлөшүүлөрү жана кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиштигин белгилей кетүү керек. Биз «Центерра» компаниясынын жетекчилигинин Кумтөр» долбоорун ачык башкаруу тутумун түзүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүү боюнча жасаган кадамдарын колдоого алабыз. Буга катар инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл", — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар