11:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кызынын көрсөтмөсүнөн улам атасы 15 жылга кесилди

Базар-Корон районунун тургуну өз бир тууганын өлтүрдү боюнча айыптуу деп табылды. Окуянын негизги күбөсү анын 13 жашар кызы. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 26-майында Базар-Коргон райондук сотунун чечими менен айыпталуучу Ж. К. (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17- сентябрында 1963-жылы туулган жаран 1974-жылкы бир тууганын кирпич менен сабап өлтүргөн. Тергөө кызматкерлерине анын 13 жашар кызы атасы 16-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кийинки күнү канга боёлуп келгенин айткан. Ал үйүнө келип кан болгон кийимдердин жууп, айрымдарын өрттөп жиберген.

Эң көп окулган жаңылыктар