Өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жаткан дүйнөлүк бренддеги уюлдук телефондор кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ташылып келе жаткан 1 184 даана Samsung, Iphone жана Xiaomi үлгүсүндөгү уюлдук телефондордун жалпы суммасы 23,9 миллион сомду түзгөн.