17:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектин жолдору алгачкы жолу жаңы технологиянын негизинде асфальтталууда

Бишкектин жолдору алгачкы жолу жаңы технологиянын негизинде асфальтталууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев билдирди.

Анын айтымында, төшөлүүчү жаңы асфальттын компоненттери бир аз башкача болгондуктан жолду оңдоо иштери анча-мынча создуктурат.

«Аталган асфальтты колдонууну 2017-жылы Унаа жана жолдор министрлиги сунуштаган. Байкап көрүү үчүн Гагарин көчөсүнүн 200 метр жерине колдонуп көргөнбүз. Жыйынтыгында ал чыдамдуу келип, көпкө сактала турганына күбө болдук. Башка мамлекеттер аталган ыкмага эбак өткөн. Бизде бул ыкманы төшөлгөн асфальтты алмаштырууда колдонулуп келчү. Ал эми пландык реконструкция иштери жүрүп жаткан жерде асфальттын кадимкидей эле түрү колдонулчу. Жаңы технология менен оңдолгон жолдордун бекемдиги беш жылдан он жылга чейин жогорулайт», — деди ал.

Ошондой эле учурда Бишкектин 40 көчөсүндө ремонт жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымында, 11 көчөнүн асфальты алмаштырылып жатса, калганы калыбына келтирилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума