20:04
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Санкт-Петербург шаарында каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөнүп берилди

Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы маалымдайт.

Ош областынын Кара-Суу районунун тургуну У.З Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында иштеп жатып 2015-жылы каза тапкан.

Маркумдун жашы жете элек балдарынын атына 600 000 рубль акчалай каражаты ААК «РСКА БАНКка» Россия Федерациясынын Социалдык камсыздандыруу фондусунун буйругу менен которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар