09:41
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Чет жерде каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн ташууда компенсация төлөнөт

Чет жерде жүрүп каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине ташууда, компенсация катары алардын туугандары 50 миң сомдон ала алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт «Чет жерде жүрүп каза болгон Кыргызстандыктардын сөөгүн, мекенине ташууга кеткен чыгымдарга байланыштуу компенсация боюнча чаралар тууралуу» токтом кабыл алды. Анда 50 миң сомдон акчалай компенсация төлөп берүү каралган. Ошондой эле, төлөмдөрдү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси кескин кыскартылды.

Компенсация каза болгон жарандын туугандарына төлөнүп берилет. Аны алуу үчүн арызды Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-кеңешме борборуна кайрылуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар