09:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстан жаранын багаж аркылуу алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды

Өзбекстан жаранын унаасынын багажына салып чек арадан алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6- майда «Ак-Кыя» өткөрүү пунктунан Өзбекстан жаранын унаасынын багажына салып, чек арадан өткөрүүгө аракет кылган Кыргызстан жараны кармалган.

Унаанын жүк салуучу жайында жашынып бара жаткан кишинин өздүгүн тастыктоочу документи жок болуп чыккан.

Кармалган кишилер УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума