«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Көчөдө, мечитте даватка чакырып эле, алдыма түшүп, барасаңыз деп кайра кайра айта беришет. Үйгө күнүнө келе турган болушту. Бул үндөө эмес, кыйноо эмеспи?
Жооп: Даватка чакыруу динибизде тыюу салынган эмес. Бирок даватты таңуулап, же адамды ыңгыйсыз абалга дуушар кылып, кыйнаган болбойт. Динде мажбурлоого жол жок (Бакара сүрөсү, 256).
Даватты көпчүлүк 3 күндүк, же 40 күндүк кезүү катары түшүнөт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммед телегейи тегиз, кайрымдуулук жана сабырдуулук сапаттары менен элге Ислам динин тартуулап, чакырганы маалым. Андыктан, даваттын эң башкы максаты динге чакыруу же мусулман бир туугандарга эскертүү гана. Даваттын көптөгөн ыкмалары бар. Эң башкысы — мусулман жакшы адам, үлгүлүү жаран экенин көрсөтүү.