00:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргыз-өзбек автобус каттамы өз ишин баштады

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык автобус каттамы өз ишин баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын «УзАвтоТранс» агенттиги.

Маалыматка ылайык, алгачкы автобус «Ташкент» автобекетинен 5-май күнү кечкисин Бишкекти көздөй жөнөп кетти.  Бүгүнтөн тартып автобустар үзгүлтүксүз каттай баштайт.

«УзАвтоТранс» ишканасынан кабарлашкандай каттамды Өзбекстан тараптан «Mironshox Grand Trans», Кыргызстан тараптан «Транс Союз-Азия» фирмалары тейлейт. Бул компаниялар кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимге жетишкен. Ал келишимде автобустарды техникалык жактан, айдоочуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү жана камсыздоо маселелери каралган.

Каттамдын узактыгы 601 чакырымды түзөт, ал эми автобус жолдо 12 саат 40 мүнөт жүрөт. Жадыбалга 30 мүнөт чек ара жана бажы көзөмөл бекеттеринен өтүү убактысы да кошулат. Автобус «Гишт куприк» (Өзбекстан) жана «Жибек жолу» (Казакстан), «Супатай баатыр» (Казакстан) жана «Чалдовар» (Кыргызстан) бекеттеринен өтөт.

Ташкент-Бишкек жана Бишкек-Ташкент каттамынын жол акысы 120 миң сум же 1000 сом болот. Бишкектен автобустар чыгыш автобекеттен жөнөйт.

Өзбекстандын автотранспорт кызматы «Фотон», ал эми кыргызстандык фирма Yutong автобустарын иштетишет. Эки автобус тең Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан.

«УзАвтоТранс» ишканасы буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Ташкент  Бишкек, Фергана  Ош, Анжиян  Ош жана Ташкент  Ысык-Көл багытында төрт каттам ачуу тууралуу билдирүү тараткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жанданган. 2017-жылы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде эки мамлекеке тең бир катар иш сапарлар болуп, макулдашууларга жетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар