22:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун баласы октон жарадар болду

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун 21 жаштагы уулу октон жарадар болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Алардын маалыматында, 4-майга караган түнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулар кирип, баласына карай ок чыгарып, качып кетишкен.

Ууруларды үй кожоюну эртең мененки намазга турган кезде алар үйгө кирүүгө аракет кылып жаткан маалда байкап калган. Ага чейин диниятчынын короосунда турган автоунаанын айнегин сындырып, документтерди жана сегиз миң сом акчаны алышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Уурулук») жана 168-беренеси («Карактоо») беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүүлөрдү издөө жана тергөө иштери уланууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар