11:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чүйдө акча жана эмеректерди уурдап кетишкен шектүүлөр колго түштү

Токмокто кароолчуга күч колдонуп, ишканадан акча жана эмеректерди уурдап кетишкен шектүүлөр колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январында азият улутундагы белгисиз 3 киши Токмоктогу жеке менчик ишкананын короосуна кирип кароолчуну сабап, менчик ишканага тиешелүү эмеректерди жана акча каражаттарын уурдап кетишкен.

Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Аталган кылмышка шектелип мурда соттолгон 34 жаштагы Р.М. жана 36 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума