14:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абад облусунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-ноябрында саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык бет кап тагынган 2 жигит кирип, сатуучунун мойнуна бычак такап, кассадагы 15 миң сомду алып кетишкен.

Сатуучу К.А. ШИИББге арыз менен кайрылган.

Кылмышка шектүү делип Сузак районунун 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу тургуну Ош шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө анын 11-17-ноябрь күндөрү жалпы суммасы 50 миң сомдук 4 жолу уурулук жасагандыгы аныкталды. Кылмышка шектүү Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну М.М. менен бирге уурулук кылып жүргөнүн мойнуна алды.

Эң көп окулган жаңылыктар