02:57
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Алма-Ата соту Жогорку Кеңештин мурдакы депутатынын камоо мөөнөтүн узартты

Алма-Ата шааардык соту Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камоо мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымдайт.

Кечээ сот 16-февралда ири өлчөлөмдөгү аткезчилик айыбы менен кармалган беш адамдын камоо мөөнөтүн караган. Алардын үчөө кыргызстандыктар.

Дамирбек Асылбек уулу менен Азиз Мурадилов 15-майга чейин, ал эми Чыңгыз Абакиров 16-майга чейин

камоодо болот.

Эскерте кетсек, парламенттин депутаты Казакстандын аймагында 16-февралда кармалган. Ага каршы аткезчилик айыбы менен иш козголуп, 17-апрелге чейин камоого алынган. Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталгандан кийин Кыргызстандын Боршайкому аны депутаттык мандаттан ажыратты.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан парламентке келген.

Эң көп окулган жаңылыктар