06:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте сексуалдык кызмат көрсөткөн дагы бир жай табылды

Бишкекте сексуалдык кызмат көрсөткөн дагы бир жай табылып, анда иштеген 30 кыз жана уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, эркек киши порнографиялык материалдарды даярдап сатуучу жай ачкан.

«Ал жакта кыздар вебмодель болуп иштешчү. Алар эротикалык онлайн-видеочаттарга катышчу экен. Тактап айтканда интернет каналдарга жылаңач болуп алып эротикалык же порнографиялык шоу көрсөтүшчү», — дейт милиция.

Андан тышкары кыздар атайын бөлмөдө барган кардарлардын каалоосун аткарып, ага акы алчу. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Порнографиялык материалдарды даярдоо жана сатуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Анын негизинде сексуалдык кызмат көрсөтүү жайынын уюштуруучусу 1990-жылы туулган А. Д. жана кызмат көрсөткөн 30 кыз кармалган. Алардын бардыгы жогорку окуу жайлардын студенттери болуп чыккан.

«Жайдын ар бир бөлмөсүндө эки кишилик керебет, камера орнотулган монитор, компьютер жана 150 интим каражаттары табылган», — деп маалымдайт ИИБ.

Эң көп окулган жаңылыктар