Республиканын мектептеринде бүтүрүү иш-чараларын өткөрүү мөөнөтү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшыруу салтанаты 20- июнда, саат 10.00дө өтөт. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 23- июнда, саат 10.00 тапшырылат. Иш-чара мектепте гана өткөрүлөт жана эс алуучу жайларга барып же жаратылыш кучагында өткөрүүгө тыюу салынат.
«Иш-чараны өткөрүүдө мектеп директорлору ата-энелердин акча чогултуусуна тыюу салышы керек. Эгер мыйзамсыз каражат чогултуу фактысы аныкталса, класс жетекчилер, мугалимдер жана директорлор иштен кеткенге чейин барат», — деди министрлик.