17:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүгүндөгү катаны басмакана четке кагууда

«Бүтүрүүчүлөр күбөлүгүндөгү ката биздин күнөө эмес», — деп «Тартип» басмаканасынын аткаруучу директору Алена Артеменко «24.kg» маалымат агентигине билдирди.

Анын айтымында, каталар үчүн Билим берүү министрлиги жооптуу.

«Биз аларга туурасын бергенбиз. Министрлик өзү аны ушундай кылып оңдогон. Ката болсо, өздөрү жоопту экендигин дагы моюнга алышкан. Бул документтер менен бекитилген» — дейт Алена Артеменко.

Эскерте кетсек, быйыл 50 миңдей аттестат жараксыз деп табылган. Министрлик басмакана ката кеткендигин билдирген.

Аттестаттын кыргыз тилинде жазылгандарында «жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз» дегендин ордуна «жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаты жараксыз» — деп жазылган.

Мындай күбөлүктөрдү Аксы районунун бүтүрүүчүлөрү алышкан. Министрлик ЖОЖдордо кабыл алуу комиссиясы башталганча оңдор берерин билдирген.

Алена Артеменконун билдирүүсүндө, басмакана учурда Санкт-Петербург заводунан кагаздарды күтүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар