11:06
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркияда кыргыз жараны улгайган аялды сабоо боюнча айыпталууда

Стамбул полициясы 88 жаштагы аялды уруу фактысы боюнча Алмакан А аттуу Кыргызстан жаранын кармады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Sabah.com басылмасынын маалыматына ылайык, 12- мартта 88 жаштагы Ш. Г. буту сынып, ооруканага жаткырылган. Анын багуучусу Алмакан А. аял жыгылып кеткенин айткан. Бирок дарыгерлер анын жыгылып кеткенинен күмөн санаган. Аялдын жакындары полицияга арыз менен айрылган. Полиция кемпирдин бөлмөсүндөгү видео байкоону текшерген учурда, багуучусунун аны уруп жаткан көрүнгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Алмакан үй камагына чыгарылган. Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби