04:53
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кара-Сууда айдоочу 10 жашар баланы жана 64 койду унаасы менен койдуруп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунан «Мерседес Бенц 711» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 10 жашар баланы жана 64 койду койдуруп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдирди.

Кырсык кечээ, болжол менен саат 21:00 чамасында, Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунун 41-чакырымында катталган.

Жарат алган М. Б.аттуу 2008-жылы туулган бала оор абалда ооруканага жетпей жан берген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар