02:50
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кино анонс. Асеманын айылда тапкан сүйүүсү, Ырыс Жоомартованын келини

«Сүйүү күчү»

Ырчы, актриса Асема Токтобекова кезектеги киносун тартуулады. Бүгүндөн баштап Бишкектин баардык

кинотеатрларында «Сүйүү күчү» тасмасы көрсөтүлүп баштады.

Бул романтикалык комедиянын режиссеру Асема өзү. Башкы ролду дагы ырчы өзү аткарып, Улан Эшпаев, Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Замира Сатыбалдиева, Болотбек Тилек уулу менен тартылган.

Тасма айылдагы окуяны баяндайт. Мында айылдык кыз Алтынай бир нече жылдан кийин бала кезинен бир-бирин жактырып, сүйүп жүргөн жигит, бирок алыстатуу максатында чет өлкөгө окууга жиберилген Бакытка жолугат.

Белгилей кетсек, «Боз салкын» менен элге таанылган Асема Токтобекова буга чейин «Көк жал» тасмасын тарткан.

«Айылдык кыз Аленка»

Белгилүү режиссер Ырыс Жоомартова дагы бир комеданияны сунуштайт. Бул режиссердун дагы актердук талантты бар. Тасмаларына өзү дагы тартыла калат.

Айылга турмушка чыккан орус кызы Алинканын ролун Алина Балабина аткарат. Андан тышкары Айбек Бакытбеков, Бурул Асакеева, Жоробек Аралбаева катышкан.

Шаардын кино театрларында учурда «Саякбай» тасмасы көрсөтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума