00:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кино анонс. Сүйүүнүн керемети жана арманы

«Сүйүү керемет»

Жаш жана жаңы режиссер Аман Замир чыгармачылыгынын тушоосун кесип, тасмасын элге сунуштады. 95 мүнөттүк тасмада Азат аттуу студент, фотографдын сүйүүсү баяндалат. Ал Марал сулууну жактырып калып, бирок, кыз менен сүйлөшүү аргасын таппайт. Бир күн Азаттын тилеги орундалып, фотоаппараты сыйкырдуу болот. Азат сүрөткө тарткан кыздар дароо аны жактырып калышат.

Ролдордо: Анвар Осмоналиев, Эмил Токтошев, Иминова Датка, Айзада Жамгырчиева, Асел Кадырбекова, Кайрат Дүйшебаев.

«Дарак ыры»

Кыргызстандагы алгачкы мюзикл бул жылдын башкы окуясы боло тургандай. Ага мыкты Кыргызстандын, Казакстандын актерлору катышты. Режиссер Айбек Дайырбековдун айтымында, 19-кылымдын аягындагы Нарын облусунда болгон окуя сүрөттөлөт. Эки жигиттин бир кызга ашыктык жарышы сюжеттин негизин түзөт.

Кино тартуу үчүн 220 кийим даярдалып, ырларын жаздырууга үч ай убакыт коротулду. Айтмакчы, тасмага ырчылар дагы тартылган.

Тасма 1-марттан баштап элге сунушталат. Саундергин белгилүү ырчылар Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева аткарды. Режиссер чыгармасын бир нече эл аралык фестивалга дагы алып барууга даярданууда.

Андан тышкары, «Айыл кемп», «Бажарики2», «Браво2» тасмалары дагы көрсөтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар