02:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кино анонс. «Мегатой-2. Калың», «Дарак ыры» жана Асеманын «Сүйүү күчү»

«Мегатой-2. Калың»

«Мегатой» тасмасынын уландасы шаардын баардык кинотеатрларында көрсөтүлүүдө.

Эскерте кетсек, бул режиссер Сүйүн Откеевдин чыгармасы. Экинчи бөлүгүндө актерлордун курамы бир аз жаңыланып, Нуриза Бурханова тартылган эмес.

Тасманын экинчи бөлүгүндө калың маселеси ортого коюлат.

«Сүйүү күчү»

Бул романтикалык комедиянын режиссеру Асема өзү. Башкы ролду дагы ырчы өзү аткарып, Улан Эшпаев, Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Замира Сатыбалдиева, Болотбек Тилек уулу менен тартылган.

Тасма айылдагы окуяны баяндайт. Мында айылдык кыз Алтынай бир нече жылдан кийин бала кезинен бир-бирин жактырып, сүйүп жүргөн жигит, бирок алыстатуу максатында чет өлкөгө окууга жиберилген Бакытка жолугат.

«Дарак ыры»

Кыргызстандагы алгачкы мюзикл тасмасы дагы эле айрым кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Ал 1-марттан баштап эфирге чыккан. Тасмага Кыргызстандандын жана Казакстандандын актерлору катышты. Режиссер Айбек Дайырбековдун айтымында, 19-кылымдын аягындагы Нарын облусунда болгон окуя сүрөттөлөт. Эки жигиттин бир кызга ашыктык жарышы сюжеттин негизин түзөт.

Кино тартуу үчүн 220 кийим даярдалып, ырларын жаздырууга үч ай убакыт коротулду.

Саундергин белгилүү ырчылар Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева аткарды. Режиссер чыгармасын бир нече эл аралык фестивалга дагы алып барууга даярданууда.

Андан тышкары, кинотеатрларынан «Чала спортик», «Айылдык келин Аленка», «Бажарики −2» жана «Кечээ. Бүгүн. Эртең» кыргыз тасмаларын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, билет баасы 100-200 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума