11:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кино анонс. Өлкөгө кайтып келген качкын президент жана чала спортик

«Чала спортик»

«Тамашоунун» жигиттери, «Жарайтситинин» жана башка акыркы комедиялардын актерлору Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбеков жана Азамат Исмаилов катышкан жаңы комедия шаардын кинотеатрларында көрүүчүлөргө сунушталууда.

Башкы каарман Эмил ЦУМда телефон сатып иштеген, анча мынча спорт менен машыгып калган жигиттерден. Бир жолу үйгө кетип баратып, телефон таап алат. Аны флэшкасы менен кошо сатып жиберет. Бир күн Эмилге жергиликтүү кылмыштуу топ чыгып, ал саткан телефондо алар үчүн маанилүү маалымат бар экенин айтышат. Эмил телефонду издеп Малайзияга жөнөйт.

«Кош келипсиз президент мырза!»

«Белгисиз маршрут» тасмасынан кийин көптөр андагы президенттин образы мурдакы өлкө башчыларынын кимисине таандык экендигин божомолдоп бүтө алышпайт. Тасманын уландысы катары режиссер Темир Бирназаров «Кош келипсиз президент мырза!» деген трагикомедиясын сунуштайт.

Анда өлкөдөн качып кеткен президент Кыргызстанга кайтып келет. Бирок, сот жазасынан жана элдин каарынан корккон саясатчы хирургиянын жардамы менен жүзүн алмаштырып, башка паспорт менен кайтат.

Киного Токтосун Арзыгулов, Сайрабүбү Мырзалиева, Мурат Мамбетов, Таалай Касымалиев,Эгемберди Чалабаев, Атай Өмүрбеков, Шайымбек Кыдырмаев жана Бакыт Мукул катышат.

Андан тышкары, «Дарак ыры», «Бажарики2» көрсөтүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар