04:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын соода балансы бузулуп, импорттун көлөмү өсүп бара жатат

Кыргызстандын соода балансы бузулуп, импорттун көлөмү өсүп бара жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын экономикасынын 78-80 пайызын импорт түзүп, ага каршы чаралар көрүлбөй жатат.

«Өкмөт бул маселени тезинен иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Өткөндө депутат Рыскелди Момбеков Талас аймагындагы «Чоӊ-Капка» өткөрмө жайы аркылуу контрабандалык товарлар мыйзамсыз агылып кирип жатканын айткан. Ушул кезге чейин анын жообу жок. Өткөрмө жайларда чек арачылар турат, бажычылар жок. Ошондон улам, алымдар төлөнбөй, бюджетке каражат түшпөй калды. Мындай абал баардык аймакта кездешет. Өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүү менен аны аягына чейин иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш», — деди эл өкүлү.

Эң көп окулган жаңылыктар