Өткүрбек Жамшитов кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды. Бул туурадуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эскерте кетсек, мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 11-апрелде парламент өлкө башчысынын көрсөтмөсү менен иштен алган.
Өткүрбек Жамшитов 42 жашта. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп иштеген.