Сагынбек Келдибаевге депутаттык мандат ыйгарылды. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Эскерте кетсек, Сагынбек Келдибаев вице-премьер министр кызматына дайындалган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.
Бекматовдун айтымында, Сагынбек Келдибаев кош жарандуулукка ээ эмес экендиги тууралуу маалымат такталды. Ал 2015-жылы Орусиянын жарандыгынан чыккан.