20:04
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тогуз-Торонун тургундары кайрадан митингге чыгышты

Тогуз-Торонун тургундары кайрадан Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алар Макмалда катталган баш аламандыкка байланыштуу эки айга камакка алынган 12 кишинин боштондугун талап кылышууда.

«Балдарды кое беришсин. Эгер камай турган болсо, бүт айыл элин камасын. Анткени баш аламандыкка барыбыз катышканбыз», — дейт митингге чыкканда.

Алар маселе чечилмейин тарабай тургандыктарын айтышууда. Учурда Тогуз-Торо эли калаага бет алганын айтышты.

Митингге чыккандарды милиция көзөмөлгө алууда.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмал алтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан. Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын өрттөп жиберген. 17- апрелде Биринчи май райондук соту Тогуз-Тородо катталган окуя боюнча кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын аныктаган. Кармалгандардын арасынан үч аял үй камагына чыгарылып, калгандары № 1-убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар