Петербургда террорчулукка шектелген эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу РИА «Новости» жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар Сирияга кетип, «Джебхат ан-Нусра» эл аралык террорчулук уюму менен биргеликте согуштук аракеттерге кошулууну көздөшкөн.
"Петербург соту 21 жаштагы Маруфжон Исаковду жана 20 жаштагы Камолиддин Азимжановду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.