01:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Иркутск облусунда 49 жаштагы кыргызстандык каза болду

Россиянын Иркутск облусунда 49 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу ТИМдин маалыматтык департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны 17-майда Бодайбо шаарына кен иштетүүчү ишканага иштегени келген. 

Бир айдан кийин анын ден соолугу кескин начарлап, Перевоз айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал 22-июнда каза тапкан. 

Учурда каза болгон жарандын сөөгүн алып келүү жолдору каралууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар