02:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Иран Орусияга дагы көбүрөөк учкучсуз учак берүүгө макул болду

Иран Орусияга Украинада активдүү колдонулуп жаткан «жер-жер» тибиндеги учкучсуз учактардан дагы кошумча берүүгө макул болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жогорку кызматтагы иран аткаминерлерине жана дипломаттарына шилтеме жасоо менен билдирди.

Алардын айтымында, курал-жарактарды сатуу жана жеткирүү жөнүндө келишимге 6-октябрда кол коюлган. Анда Москвага Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлдөрү келген.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановдун айтымында, биринчи жолу Москва 1750 дронго буюртма берген. Бирок алардын 70% Украинанын аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн.

«Мындан кийин жаңы буюртма болгон, бирок аларды өндүрүү ылдамдыгы жана Орусияга жеткирүү тез процесс эмес. Алар [орусиялык аскерлер] кичинеден жарактан чыгарууда, ирандыктар жаңыларын жасоодо...», — деди Буданов.

Өз кезегинде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жакынкы күндөрдө дрондорго каршы күрөшүү үчүн Украинага «жүздөгөн» жабдуулар бериле турганын жарыялады.

Мындан тышкары Украина Израилден абадан коргонуу системаларын берүүнү сурап, тиешелүү тармакта кызматташууну баштоону сунуштады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди.

«Израилдин саясаты Ирандын деструктивдүү акцияларына каршы туруу болгондуктан, Израиль үчүн Украина тарабында ачык турууга мезгил жетти», —деп белгиледи Кулеба.

Украина ТИМ башчысы Владимир Зеленскийди Иран менен дипломатиялык байланыштарды үзүүгө чакырды.

Орусия армиясы акыркы апталарда Украинанын инфратүзүмдөрүнө иран өндүрүшүнөн чыккан дрондор менен жапырт аткылоону күчөттү. Буга чейин Иран Орусияга курал жеткирип жатканын четке кагып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар