23:46
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Путин: Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолот

Орусиянын президенти мындай пикирин 17-декабрда салттуу басма сөз жыйынында билдирди. Журналист Путинден Кыргызстандагы, Молдовадагы жана Беларустагы кырдаал тууралуу сурап, ал союздаштарын жоготуп алуудан чочубайбы деген маселеге кызыккан.

«Бул сиз айткандай «орто жаштагы кризис» эмес. Кыргызстанда бийлик алмашуу дайыма башаламандык менен коштолот. Дайыма ички саясий турмушун айрым Батыш өлкөлөрүнүн бычымына ылайыктоого аракеттенип алдыга чуркашат. Бирок Кыргызстанда саясий түшүнүктүн деңгээли, саясий институттардын өнүгүшү маселен, Франциядагыдай же Германиядагыдай эмес да. КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан көрүнүштөр – бул өз жолун издөө аракети», - деди Путин.

Эң көп окулган жаңылыктар