04:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Көпчүлүк коалициясынын курамы кеңейди

Көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, курамын кеңейтүү чечимин кабыл алды. Анын курамы «Республика — Ата Журт» фракциясы менен толукталды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк коалициясынын курамын кеңейтүү сунушун СДПК, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бир добуштан колдогон.

«Мен каршы чыктым. Көпчүлүк коалициясынын курамы өзгөрсө дагы төрага алмашпайт. Өкмөт башчылыгына талапкер тууралуу маселе каралган жок. Бирок көпчүлүк коалициясынын лидерлери бүгүн бул маселени талкуулайт. Эртең көпчүлүк коалициясы кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн», — деди Рыскелди Момбеков.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды.

Эң көп окулган жаңылыктар