14:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Республика —Ата Журт» көпчүлүк коалициясына кирүү ниетинде

«Республика —Ата Журт» көпчүлүк коалициясына кирүү ниетинде. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине фракция лидери лидер Жыргалбек Турускулов билдирди.

Маалыматка ылайык,эртең фракция жыйынга чогулуп, маселе ошол жерде талкууланат.

«Алдын-ала сүйлөшүү жүргүздүк. Көпчүлүк коалициясына киребиз деген оюм бар. Биздин максат көпчүлүк коалициясын күчтөндүрүү. Жаңы өкмөттү чогу бекитип, мамлекеттин келечеги үчүн иш алып баруу», — деди Жыргалбек Турускулов.

Ошондой эле ал Жыргалбек Турускулов жаңы дайындалуучу өкмөт башчынын аты жакында маалым болоорун айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, президент министрлер кабинетин отставкага кетирүү жарлыгына кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар