06:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылды

Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу «Имзо» заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.

Кыргыз-өзбек кызматташуусунун алкагында жалпы 9 ишкана ачылат. Алардын төртөө Ош шаарында жайгашат.

Белгилей кетсек, «Имзо» заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган заводдун филиалы 70ге жакын шаардыктарды жумуш орун менен камсыз кылды. Учурда айына 2 миң кв.м пластикалык терезелерди чыгарууда, бирок заводдун 9 миң кв.м өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Эң көп окулган жаңылыктар