Ошто 13 жаштагы кыз өзү өмүрүнө кол салууга аракеттенген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өспүрүм Ош шаарындагы №20 үйдүн балконунан бой таштамакчы болгон. ӨКМдин куткаруучулары кыз менен сүйлөшүп, аны сактап калышкан.
Өспүрүм ата-энесинин колуна өткөрүп берилди.