15:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тармактык комитет өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча үч фракциянын сунушун колдоду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Комитет мүчөлөрү бир добуштан колдоду. Маселени жалпы жыйынга алып чыгабыз», — деди депутат.

Эскерте кетсек, 17- апрелде «Республика  Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар