07:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баңгизат менен алектенген аял киши кармалды

Баңгизат менен алектенген аял киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ИИОнун бөлүмдөрү менен биргеликте баңгизаттарды таратуучулар менен ташуучуларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Чүй облусунун Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн бирин текшеришип, өзгөчө жыты бар зат табышкан. Андан соң, ушул үйдө убактылуу жашаган Жалал-Абад облусунун 1970-жылы туулган К.А. аттуу тургунуна өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 44 даана кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар 500 грамм салмактагы зат табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөн.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат «гашиш» болуп чыкты. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар