14:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жыл башынан бери экономика 1,3 пайызга өстү

Жыл башынан бери экономика 1,3 пайызга өстү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Анын маалыматында, «Кумтөр» кенин кошпогондо бул көрсөткүч 2,9 пайызды түзөт.

Инфляциянын деңгээли төмөн болуп, 1,1 пайыз болду.

2018-жылдын январь-февралында экспорт 230 млн долларды түзүп, 2,4 пайызга көбөйдү.

«Бажы кызматында жүргүзүлгөн реформалар өзүнүн жыйынтыгын бере баштады. 2018-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрү 50 пайызга, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 миллиард сомго өстү. Анын ичинде пошлинасыз бажы төлөмдөрү — 82 пайызга, же 2,5 миллиард сомго өстү», — деп маалымдайт өкмөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби