13:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Премьер: Былтыр Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде ээлеген орду жакшырды

Өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 миллиард сом көлөмүндө киреше алынды. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү — Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйынында өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчёт берип жатып билдирди.

Анын айтымында, макроэкономикалык өсүш 4,6 пайызды түзгөн. 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү.

«Тышкы соода жүгүртүү 12,5 пайызга өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27 пайызга, башка өлкөлөргө 8,6 пайызга көбөйдү», — деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. Калктын мамлекеттик органдарга карата ишеними 65,4 пайызга жеткен.

«Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 152 миллиард сомго жеткени, бюджеттин корголгон беренелери толугу менен каржыланды. Эмгек мигранттарынын акча которуулары да өсүп, 2,4 миллиард сомго жетти. Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,7 миллиард сом көлөмүндө 2440 жеӊилдетилген насыя берилди», — деди премьер-министр.

Эң көп окулган жаңылыктар