01:22
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Жалал-Абад шаарында ички инвестиция өскөнү байкалды

Жалал-Абадда быйылкы жылдын биринчи кварталындагы тартылган ички инвестициянын көлөмү өткөн жылга караганда 923,9 пайызга өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Тактап айтканда, өткөн жылдын биринчи кварталында шаарга тартылган ички инвестициянын көлөмү 266,1 миллион сом болгон. Ал эми быйылкы жылдын биринчи чейрегиндеги тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 458 миллион 500 миң сомду түздү.

«2 миллиард 192,4 миллион сомго айырма болду. Ошондой эле тышкы инвестициянын көлөмү да артып барат. Мисалы, өткөн жылы биринчи кварталда тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 426,2 миллион сом болсо, быйылкы жылдын биринчи кварталында ал 889,2 миллион сомго жетти. Демек, 463 миллион сомдук инвестициялар көбүрөөк тартылып, өсүү темпи 208,6 пайызга жеткен», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар